• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Монголиянын президенти Жээнбековго Көчмөндөр оюндарына келээрин ырастады

Саясат 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти менен таанышканына кубанычта экендигин белгилеп, Монголия менен Кыргызстанды байыркы тарых жана маданий мамилелер байланыштырып тургандыгын, эки өлкөнүн элдеринде жалпылыктар жана окшоштуктар абдан көп экендигин баса айтты.

«Биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө болот деп ишенем. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана өз ара ишенимдин негизинде жемиштүү кызматташууга кедерги болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргыз тарап Монголиянын Бишкектеги Башкы Консулдугун Элчилик кылып кайра түзгөндүгүн канааттануу менен кабыл алгандыгын баса белгиледи. «Мындай кадам, албетте, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө сезилерлик салым кошот», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Президенти Монголия жетекчисин быйыл сентябрь айында өтө турган Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарына катышып кетүүгө чакырды.

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Ошону менен бирге Кыргызстанга жана Президент Сооронбай Жээнбековго алдыдагы ШКУнун төрагалыгы мезгилиндеги ишине ийгиликтерди каалады. Халтмаагийн Баттулга Кыргызстан дагы Монголияда өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачат деген ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун Көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруусуна жооп иретинде Халтмаагийн Баттулга сөзсүз иш чарага өз делегациясы менен келээрин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө парламенттик демократияны өнүктүрүү тууралуу пикир алмашышты. Тараптар ошондой эле ШКУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий