• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Монополияга каршы агенттиги алардын Адвокаттар кеңеши менен болгону соту тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Адвокаттар кеңеши менен болгон соту тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, агенттик тарабынан Адвокаттар ассоциациясына кирүү үчүн төлөнгөн төлөмдү алып салуу иштери жасалган.

"Мурда ишин жаңы баштаган адвокат аталган Ассоциацияга кирип, өзүнүн ишмердигин жүргүзүүгө уруксат алып, аны менен бирге 20 миң сом төлөшү керек болсо, учурда ал механизм жоюлду. Бирок, Адвокаттар кеңеши нааразычылык билдирип, учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.

Ал бул иш агенттиктин пайдасына чечилет деп эсептейт.

"Менимче, чечим биздин орган тарапта болот. Себеби, биз жаңы адвокаттар учурда иштеп жаткан адвокаттардай эле иштөөгө мүмкүнчүлүгү болушу үчүн тең шарттарды түзүү боюнча иш жүргүздүк", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий