• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Монополияга каршы агенттик Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчилери менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Экономика 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кечээ, 31-майда баанын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү-майлоочу материалдар базарындагы кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрдү.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Нефтетрейдерлер ассоциациясынын, Нефтетрейдерлер бирлигинин жетекчилери жана базардын ири оюнчулары катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында баалардын көтөрүлүшү объективдүү экендигине карабастан мамагенттик бир катар талаптарды койду:

1) таза атаандаштык принцибин так сактоого;

2) запастарды эске алуу менен, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу жолу менен баанын деңгээлин кармоого. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдын баасынын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча жазуу жүзүндө сунуштама берилди.

Белгилей кетсек, июнь айына түзүлгөн келишимдерге ылайык, май айына салыштырмалуу Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң сатуу баасы тоннасына 65 АКШ долларына чейин жогорулады. Учурда ички күйүүчү май рыногун турукташтыруу жана баалардын өсүшүн алдын алуу максатында Россиянын өкмөтү мунай заттарын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча документти карап жатат.

Учурда республика күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок.

Пикир

Оставить комментарий