• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө көмүрдүн баасына көзөмөл жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан көмүрдүн баасын ашыкча көрсөтүүгө жол бербөө максатында 400гө жакын билдирүү жөнөтүлгөн, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, белгиленген бааны сактоо жана көмүр базарындагы абалды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“2021-жылдын 23-ноябрына карата Монополияга каршы орган тарабынан республика боюнча жалпысынан 235 чыгуу болуп, ага көмүр сатуучу 867 субъект камтылган, баанын жогорулашына жол бербөө боюнча 392 билдирүү берилип, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 135 көрсөтмө жана эреже бузган субъекттерге 30 айып салынган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий