• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде бааларды жөнгө салуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар айтылды

Экономика 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде өсүмдүк майына жана жумуртканын баасынын абалы тууралуу айтылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн талдоо жана ЕЭК менен өз ара аракеттер бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикованын айтымында, өткөн жылдын күзүнөн бери азык-түлүктүн наркы жогорулай баштаган, бул башка товарлардын кымбатташына алып келди.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баанын өсүшү 76%ды түзгөн. КРда өсүмдүк майы эң аз санда өндүрүлөт. Эгер КРнын жылдык керектөөсү 100 миң тоннаны түзсө, өлкөдө жылына 12 миң тонна гана өндүрүлөт. Жумурткага байланыштуу дагы ушул эле абал. Бул жалпы 45%ды түзөт, ал эми калган 55%ы Казакстандан импорттолот. Жумуртка дагы өткөн жылдын сентябрь айынан бери кескин кымбаттады. Баа 34%га өскөн”,-деди ал.

Шустикова Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүккө болгон бааны кармап туруу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Товар ташуучулар жана өндүрүүчүлөр менен туруктуу иштер жүргүзүлүүдө. Ири соода тармактары продуктынын 4 түрү боюнча арзандатууга макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий