• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн жана көмүр ташуунун баасын белгиледи

Экономика 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн жана көмүр ташуунун баасын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтомунун 4-пунктун аткаруу боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкү иш чараларлды жүргүздү:

1. Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу Кыргызстандын көмүр казып алуу ишканалары үчүн көмүрдүн баасын “Кыргызкөмүр” МИ берген тизмеге ылайык белгиленди;

Нет описания.

2. Төмөнкү маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташууга баалар тариф түрүндө белгиленди:

- 3,43 сом (т/км) «КАМАЗ» автоунаасы менен;

- 3,74 сом (т/км) «ХОВО» автоунаасы менен;

Нет описания.

3. Төмөнкү маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташууга тариф – 3,50 сом (т/км) деңгээлинде белгиленди;

Нет описания.

4. Төмөнкү маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташууга тариф – 2,07 сом (т/км) деңгээлинде белгиленди;

Нет описания.

5. Төмөнкү маршруттар боюнча автотранспорт каражаты менен мазут ташууга тариф 2,90 сом (т/км);

Нет описания.

6. “Кыргызнефтегаз” ААК үчүн Ош шаарынын ЖЭБине, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жылуулук менен камсыздоо филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жеткирүү үчүн "М-100" маркасындагы жагуучу мазуттун баасы - 18679,0 сом/т (КНС эске алуу менен) деңгээлинде белгиленди.

7. Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүүчү аянтчасына көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы “Кыргызкөмүр” МИ берген материалдарга ылайык - 238,85 сом/тонна деңгээлинде белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий