• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты

Саясат 0

Бишкек, 04.01.22./Кабар/. Россиялык "Московский комсомолец” гезити Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты.

Аталган гезитке "Евразия мууну" фондунун төрагасынын орун басары, саясат таануучу Игорь Шестаков билдиргендей, быйыл Кыргызстанда чоң системалык өзгөрүүлөр болду.

"Башкача айтканда, парламенттик республикадан президенттик республикага өттүк. Чындыгында, Садыр Жапаров өлкөнүн саясий системасын реалдуу форматта реформалоо боюнча популисттик экспериментке чекит койду. Ийгиликтүү мамлекеттерди, анын ичинде КМШдагы мамлекеттерди карасак, булар биринчи кезекте президенттик башкаруу формасына ээ өлкөлөр", - дейт ал.

Ал эми "Жылдын алсызы" (Падением года) Украинанын президенти Владимир Зеленский болду. Карабак согушунун 2020-жылдын ноябрында аяктаганы "Жылдын тынчтыгы" деп аталды. Беларусь "Жылдын санкциясы" болду.

Пикир

Оставить комментарий