• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москва-Бишкек-Москва каттамы жумасына 6 жолу аткарылат – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Россия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:

- “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;

- “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;

- “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.

Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий