• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москва-Душанбе каттамында бараткан төрт жашар тажик бала чарчап калды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Шаршембиге караган түнү "Урал аба жолдорунун" Москва-Душанбе каттамы менен учуп бараткан төрт жашар бала чарчап калды.

Авиакомпаниянын билдиргенине караганда, учак жерден көтөрүлгөндөн кийин эле бала кыйнала баштаган. Натыйжада учак Оренбургга конууга аргасыз болгон, бирок бул кезде бала чарчап калганы аныкталган. Анын сөөгү азыр Оренбургда экени кабарланды.

"Урал аба жолдору" ишканасынын билдиргени боюнча, көз жумган бала Тажикстандын жараны болгон жана ал байкеси менен учуп бараткан.

Пикир

Оставить комментарий