• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москва көчөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Исанов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгүндө жүрүп жаткан жол оңдоо иштери аяктап, көчө жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, Москва көчөсү кечээ күнү кечки саат 20:00дө ачылды.

Москва көчөсүнүн аталган бөлүгүндө эски асфальты алынып жаңысы төшөлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Москва көчөсүнүн Абдрахманов менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий