• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгүндө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, учурда Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Исанов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгүндө асфальттын биринчи кабаты төшөлүүдө. Ал эми көчөнүн калган бөлүгүндө жолдун эски асфальт алынып, асфальт төшөөгө даярдалган.

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери 1-ноябрга чейин аяктайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Москва көчөсүнүн Москва көчөсүнүн Абдрахманов менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий