• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Москва" командасы эл аралык көк бөрү мелдешинде Чыңгыз Айтматов Кубогун жеңди

Спорт 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. 13-июнда Москва облусунун Сергиев Посад шаарында (Россия Федерациясы), Чыңгыз Айтматовдун Кубогу үчүн Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кайчылаш жылына арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясы билдирди.

Мелдешке Кыргызстан менен Россиядан 4 команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Россиянын Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине кыргызстандык экиден көкбөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск шаарынын командасы “Атуул” (Кыргызстан) командасы менен беттешип, 12: 2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутск командасын 4: 1 эсебинде утуп, Чыңгыз Айтматов Кубогун жеңди.

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышты.

Мындан тышкары, Москва командасынан Шекербек уулу Бообек турнирдин мыкты оюнчусу деп табылды. Ошондой эле мыкты ат деген наам “Бойка” аттуу атка берилди (Иркутск шаарынын командасы).

Белгилей кетсек, кыргыз спортчулары Москва облусуна 12-14-июнь күндөрүнө чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, мелдеш Россия жана Евразия элдеринин V «Русский мир» фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Турнирдин уюштуруу комитетинин курамына спортту жана тынчтыктын маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фондунун, Россия элдеринин Ассамблеясынын, Москва облусунун Дене тарбия жана спорт министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү кирди. Мелдештер Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өттү.

Пикир

Оставить комментарий