• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москва менен Душанбе авиакаттамдар боюнча бир пикирге келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Орусия менен Тажикстан 4-аперлде авиакаттамдар үчүн киргизилген чектөөлөрдү алып салышты.

Буга чейин үзгүлтүккө учураган каттамдар калыбына келет. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Сатторов билдирди.

Анын айтымында, тараптар башкы маселе боюнча бир пикирге келишти, сүйлөшүүлөр уланууда.

«Башкысы, жүргүнчүлөр өз багыттары боюнча учуп кете алышат. 2017-2018-жылдар үчүн макулдашылган учуулардын планын бекиттик. Мындан ары дагы ошол документ боюнча иштейбиз», - деди Имомуддин Сатторов.

Тажикстандын Орусиядагы элчиси Орусиянын шаарларына жаңы каттамдарды ачуу ыктымалы бар экенин, эки өлкө авиакомпаниялары бирдей шартта иштешерин белгиледи.

Интерфакс агенттиги Орусия Транспорт министрлигинин өкүлүнө шилтеме жасоо менен жайкы ырааттамага Пермь - Душанбе, Жуковский - Куляб, Челябинск - Худжанд жана Краснодар – Худжанд деген төрт жаңы багыт кошулганын жазды.

Пикир

Оставить комментарий