• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москва мэри: Мигранттар арасында мыйзам бузуулар азайды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Москва мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, ал эми мигранттар, өзгөчө Борбор Азиядан келгенден мыйзамдуулукту сактай башташканын билдирди.

Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастоодо.

Биринчиден, патент системасын айтса болот. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.

Экинчиден, бул милдеттүү дактилоскопия: учурда патент же иштөө үчүн уруксат кагаздарын расмий түрдө толтурган мигранттардын баары бармак изин тапшырат. “Биз аларды көрүп турабыз, биз аларды билебиз, мунун баары миграцияга байланыштуу кылмыштардын азайышына алып келди”, – деди Собянин.

Москва мэри биринчи кезекте административдик тартип бузуулар тууралуу айтты.

Эксперттер позитивдүү динамикага карабай, мигранттардын көйгөйлөрү азырынча толук чечилип бүтө элек деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий