• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва облусунда 22 жаштагы кыргызстандык жаран өлтүрүлгөн – элчилик

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Москва облусунда Кыргызстандын 22 жаштагы Ш. уулу Ж., аттуу жараны өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчиликке кыргыз жаранынын өлүмү тууралуу билдирүү 2018-жылдын 15-августунда түшкөн.

Элчиликтин кызматкерлери жана КРнын РФдагы ИИМ өкүлдөрү Москва облусунун Красногорск районундагы полиция бөлүмүнө барып, полиция жетекчилери менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө болгон окуя тууралуу жана аны териштирүүдөгү маселелер талкууланган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Башка маалымат айтыла элек.

Ошондой эле маркумдун жакындары менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жакынкы убакта каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий