• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москва облусундагы көлдө кыргыз жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Москва облусунун Дзержинск шаарындагы көлдө кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-августта дипкызматка кыргызстандыктар кайрылып, кыргыз жаранынын каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат билдиришкен.

Элчилик өз убагында маркумдун өздүгүн тактап, туугандарына “жүк 200” Кыргызстанга жөнөтүш үчүн керектүү документтерди даярдоодо жардам беришкен.

Укук коргоо кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жыл сайын Кыргызстанга 250-300 жакын “жүк 200” келсе, алардын көпчүлүгү Россия менен Казакстандан жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий