• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москва, Петербург жана Екатеринбургда мигранттарды кармоо боюнча рейддер өттү

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. 11-март күнү түнкү саат үчтө Росгвардия жана ОМОН аскерлери ”Москва”, “Садавод”, 12-мартта Москвадагы “Фут Сити” базарларында рейддерди өткөрүштү.

Күбөлөрдүн айтымында, күч кызматкерлери мигранттарды автозактарга салып, жакынкы полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкен. Кармалгандардын көбү – Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер.

"Кечээ Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери Люблиного барды. Кыргызстандын элүүдөй жараны миграциялык документтери текшерилгенден кийин бошотулган. Бул рейддерде жүздөгөн мигранттар кармалды десе болот. Текшерүүлөр Москвада эле эмес, Санкт-Петербург, Екатеринбург базарларында дагы жүрдү, – деди “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Лазат Такырбашева.

Полиция жапырт текшерүүлөрдү жана кармоолорду жана алардын себептерин түшүндүргөн жок. Москва өкмөтүнүн басма сөз кызматы дагы үн катпады.

“Интерфакстын” өз булагы бул рейддерди өткөн аптада мигранттар ортосунда болгон жаңжал менен байланыштырды. 9-мартта Москванын Белореченский көчөсүндө топ кишилер бычакташып, мылтык үнү жаңырган. Айрымдар базарларда криптовалюталык фермаларды издөө үчүн рейд жүргөнүн белгилешүүдө.

“Настоящее Времяга” интервью берген укук коргоочу Каримжон Ёров "базарларда жүк ташуучулардын орундарын алмаштыруу үчүн рейд жүргүзүлүп жатышы ыктымал" деп божомолдоду. Буга байланыштуу базарларда эң оор жумуштарда иштегендерди кармап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий