• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москва районунда адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Москва районунда 55 жаштагы улгайган адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 31-июлда түнкү саат 03:00дө Москва районундагы Беловодск айылында белгисиз айдоочу 55 жаштагы А.И.ны жөө өтмөктөн сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Москва райондук милициясынын ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышкер 2021-жылы 1-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун жардамы менен кармалган, ал 1988-жылы туулган Талас облусунун тургуну Р.Т. болгон.

Учурда кармалган айдоочу Москва райондук ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди, ал эми “Мерседес-512” унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий