• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 22-декабрь күнү Москва районунун ИИБнин нөөмөт бөлүгүнө улгайган аялды белгисиз бирөө алдап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери чыгышкан. Ал жерден улгайган аялдын кызы К.З. милиция кызматкерлерине арыз жазып, 2021-жылдын 22-декабрь күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында 1929-жылы туулган апасы Ч.М.дин улгайган абалынан пайдаланып белгисиз бирөө өзүн ашкана буюмдарын сатуучу катары тааныштырып, үй ээсинин 17 миң сомун алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Чүй ОИИББнын жана Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1985-жылы туулган П.П. аттуу башка өлкөнүн жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

“Эгерде кимде-ким жогорудагы жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине байланышсаңыздар болот. Чүй ОИИББнын нөөмөт бөлүгү 0312 43 01 27, Москва РИИБдүн нөөмөт бөлүгү 0312 60 77 27, 03131 5-21 31 же 102 номерине”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий