• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган М.Ш. арыз менен кайрылып, буга чейин тааныш болуп жүргөн эркек киши анын ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында анын унаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөп берүүгө убада кылып, ошол боюнча жашаган жерин башка жака которуп, акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран унаанын ээсинин уруксаты жок, документтерди жасалмалап, унааны өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон.

Шектүү жаран Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий