• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва районундагы бодо мал лептоспироз илдетинен өлүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында Москва районунда бодо мал лептоспироз илдетинен өлүшү ыктымал. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Москва райондук ветеринардык башкармалыгынын адистери жеринде Ак-Суу айыл аймагына караштуу Кара-Суу жайлоосунда ветеринардык-санитардык изилдөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Лептоспироз (Leptospirosis) - зооноздуу, жаратылышта очогу бар, курч түрүндө өтүүчү, жаныбарлардан көпчүлүк убакта суу аркылуу жугуучу, уулануу, дене табынын ысышы, бөйрөктүн, боордун, булчуңдун, борбордук нерв системасынын кан түтүкчөлөрүнүн капиллярларынын сезгенүүсү менен мүнөздөлөт. Көпчүлүк учурда геморрагикалык синдром менен, кээде сарык түрүндө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий