• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва районунда бодо мал уурдоого шектелип төрт киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип төрт адам кармады. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 45 жаштагы Б.Н., аттуу жаран кайрылып, 8-февраль күнү короосунан 2 бодо малды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү органдарга тапшырмалар берилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмышка шектүү делип Чүй облусунун төрт жашоочусу кармалган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер уурдалган малды сатканга жетишкен эмес. Малдар ээсине кайтарылып берилген.

Учурда аталган жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий