• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва районунда калк арасында түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү район аймагында кылмыштуулуктун жана башка тартип бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында соода түйүндөрдө, автоунаа жучу жайларда жана башка жарандарга тейлөө көрсөтүүчү жайларда кылмыштарды болтурбоо боюнча жөнөкөй эрежелерди сактоо боюнча эскертүүлөрдү айтышты.

Аймактык тескөөчүлөр тарабынан тейлөө көрсөтүүчү жайлардын жана соода-сатык жайлардын ээлерине кылмыштуулукту алдын алуу боюнча 80ден ашуун жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий