• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-12-декабрь күндөрү Москва райондук ички иштер бөлүмү тарабынан мал уурулуктарын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Мал уурулугу” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага РИИБдин криминалдык милиция кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана ЖКККБнын кызматкерелринен турган 50 кызматкер тартылып жана эки мобилдик топ түзүлгөн.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 15тен ашуун мал ташыган автоунаалар текшерилип, алардын ичинен 10 айдоочуга тиешелүү кагаздарды тактап алуу тууралуу эскертүүлөр берилген.

Андан сырткары, автоунааны мас абалында башкарып жургөн бир айдоочу кармалып, тиешелүү протоколдор толтурулган, ошол эле иш-чарада уурулук фактысына байланыштуу 3 кылмыш ишинин бети ачылган.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мал баккан сарайлардын ээлери менен жолугушуу болуп, мал уурулукту алдын алуу жана кылмыштуулуктарга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий