• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июнь күнү Москва райондук ИИБи тарабынан мал уурулуктарын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Мал уурул” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.

Аталган рейдге Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана ЖКККБнын кызматкерелринен турган 15 кызматкер тартылып, эки стационардык пост жана эки мобилдик топ түзүлгөн.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 60тан ашуун мал ташыган автоунаалар текшерилип, алардын ичинен 15 айдоочуга тиешелүү кагаздарды тактап алуу тууралуу эскертүүлөр берилген.

Андан сырткары, автоунааны мас абалында башкарып жургөн бир айдоочу кармалып, тиешелүү протоколдор толтурулган, ошол эле иш-чарада уурулук фактысына байланыштуу 5 кылмыш ишинин бети ачылган.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мал баккан сарайлардын ээлери менен жолугушуу болуп, мал уурулукту алдын алуу жана кылмыштуулуктарга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий