• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москва районунда малчы киши колдуу болгон, шектүү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. //Кабар. Москва районунда малчы киши колдуу болгон, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында буга чейин оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн 1967-жылы туулган Н.А. кармалган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда болжол менен саат 09:00 чамаларында Москва районунун Ак-Суу капчыгайындагы жайлоодо болжол менен 55-60 жаш курактагы белгисиз эркек кишинин киши колдуу болгон сөөгү табылып, анын өзүгүн аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Учурда кармалган жаран Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жаран милиция кызматкерлеринен Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөнү такталып, колго түшүрүлгөн.

Каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо иш-чаралы жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жаран менен кылмышка шектүү экөө жайлоодо малчы болуп жүргөнү маалым болгон.

Учурда сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий