• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө Mazda менен поезд кагылышып, үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Москва районунун Петровка-Ак-Суу унаа жолундагы темир жолдо 31-мартта болжол менен саат 09:00дө поезд менен "Мазда" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

"Кабар" агенттигине автоинспекция кызматынан кабарлашкандай, кырсык болгон жерде 2 адам каза болгон. 1 жаш 4 айлык наристе ооруканада көз жумган, энеси болсо оор абалда аймактык ооруканада жатат.

Айдоочу жабыркаган эмес, бирок азырынча шок абалында болгондуктан эч нерсени түшүндүрүп бере албайт. Поездди башкарып келе жаткан адамдын айтуусунда, ал 500 метр аралыкта сактык сигналын берген, 20 метр аралык калганда "Мазда" жолго чыга калып, темир жолду кесип өтүүгө үлгүрбөй калган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган, унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулган. Тиешелүү экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий