• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москва районунда милиция тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда жүргөн жарандарга кылмыштуулукту алдын алуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада эл көп чогулган аймактарда кызматкерлер тарабынан кайгуул уюштурулуп, коомдук жайлардын администрациялары менен биргеликте жарандарга санитардык талаптарды туура сактоо боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, Москва районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан алдын алуу рейди уюштурулуп, түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий