• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москва районунда турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Москва районунда турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Перпеченко айылында турак үйдүн 40 чарчы метр дубалы жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий