• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москва районунда тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан “Экстремист” аталышындагы рейд иш-чарасы уюштурулган.

Буга чейин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталган иштин негизинде, үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон Чүй облусунун Москва районунун жашоочуларынын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда 12 даректен Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдар алынган.

Жалпысынан 300дөн ашык китептер, 35 дептер, 65 баракча, 39 брошюра, ноутбук, телефондор, ДВД дисктер жана флешкалар далил буюм катарында алынган. Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий