• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-март күнү Москва РИИБине Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар тарабынан анын бир баш ую уурдалгандыгын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына тапшырылып берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий