• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москва районунда жаш жигит унаа айдай качып, жол кырсыгына кабылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Москва районунда жаш жигит унаа айдай качып, жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-октябрь күнү Москва районунун ИИБне жергиликтүү 29 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, «Митсубиси Лансер» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Москва РИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы унаа Бишкек-Чалдовар автожолунда жол кырсыгына учурап, анын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 18 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий