• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москва районунда жол кырсыгынан 11 адам жабыркап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта эртең менен Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек киши окуя болгон жерде каза болгон.

"Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылып, унаага кыпчылып калган Э.Ж. аттуу жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий