• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада 17 жаштагы кыргызстандык 4-кабаттан кулап кетти, абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Москвада 1-июлда 17 жаштагы Тайчыбек кызы Гулиза терезе жууп жаткан кезде 4-кабаттан кулап кеткен.

Facebook колдонуучусу Улан Кошматов билдиргендей, ал учурда оор абалда Склифосов атындагы ИИИнун ооруканасында жатат. Кыздын оң буту тизесинен, жамбаштары, куймулчагы сынган.

“Операция кылуу үчүн 600 миң рубль керек. Учурда туугандары операцияга каражат издеп жатышат. Кайдыгер карабагандардын бардыгынан жардам сурайбыз. Банктагы эсеп номери – 4276380173293635. Байланыш телефондору; апасы Тамара - +79252157977, эжеси Аймээрим +79645602344, жездеси Мирбек +79037085654”, - деп жазат Кошматов.

Пикир

Оставить комментарий