• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада 17 жаштагы кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кеткен. Мекендештер операцияга каражат чогултууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 17 жаштагы кыргызстандык кыз кулап кеткен.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барган, анын жүрүшүндө жаракат алган кыз КР жараны экендиги тастыкталды.

Белгилүү болгондой, кыз терезеден кокусунан кулап кеткен.

КР жараны 17 жаштагы Ж.Т. Баткен облусунда туулуп, апасы менен Москвада жашап, Москва районунун Дедовск шаарында окуй тургандыгы аныкталды.

Учурда КР жараны жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жатат.

Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Анын жүрөгү жана өпкөсү жабыркап, бөйрөгү жарылып кеткен, жамбаш сөөктөрү сынган, баш мээси чайкалган. Операция талап кылынат.

Учурда мекендештердин аракети менен операцияга каражат чогултулуп жатат. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий