• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада 2019-жылдын аягына чейин Ч.Айтматовдун эстелиги тургузулат

Маданият 0

Бишкек, 24.12.17 /Кабар/. Москвада 2019-жылдын 31-декабрына чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Тиешелүү буйрукка Москва мэри Сергей Собянин кол койду.

Анда белгиленгендей, эстеликти долбоорлоо, даярдоо, орнотуу жана анын аймагын жакшыртуу иштерин Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги каржылайт, - деп жазат Интерфакс.

Буга чейин 28 млн сом сарпталары маалымдалган.

Монумент Москвадагы Ч.Айтматовдун ысмы берилген бакка коюлмакчы.

Белгилүү жазуучу 2008-жылы Германиянын Нюрнберг шаарынын клиникасында 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий