• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада 22 жашар кыргызстандык 45 жаштагы аялды зордуктады деп айыпталууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Москвада полиция кызматкерлери 45-жаштагы аялды зордуктады деп айыпталып жаткан 22 жашар кыргыз жаранын кармашты. Бул тууралуу “Москва” агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Басылманын маалыматына ылайык, полицияга 45 жаштагы аял кайрылып, 22-июлдун кечинде ал 24 жаштагы чогуу жашаган жаран менен Алтуфьевск жолунда жашаган таанышынын үйүнө келишкен. Бирок таанышы караңгы кирип кеткенин айтып, эшигин ачкан эмес. Анда ал жигити экөө чечинип подъездде уктоону чечишкен.

“Бир аз убакыт өткөн соң азиат улутундагы бир бала келип подъездден кетүүбүздү суранды. Жабыркагандын жигити анын кийинүүсүнө шарт түзгөн учурда аны тиги бала уруп баштаган. Андан соң жабыркаган аялды үстүңкү кабатка алып барып, оозун колу менен жаап зордуктаган”,-деп жазылат маалыматта.

Издөө иштеринин жыйынтыгында ыкчам топ 22 жашар кыргыз жаранын кармашкан. Кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий