• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада 22 жаштагы кыргызстандык бала поезддин астына боюн таштаган

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 7-декабрында Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына таштаган Кыргыстандын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Н. уулу С. аттуу жаранына Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда.

Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. КР жаранына керектүү жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий