• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада 30 кыргызстандык эмне үчүн кармалды? Элчиликтин жообу

Коом 0

Бишкек,10.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен 30 кыргызстандык эмне себептен кармалгандыгы тууралуу айтып беришти.

“Кабар” агенттигине КРнын РФдагы дипөкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кыргызстандыктар документтерди текшерүүгө байланыштуу кармалышкан.

“Учурда алар полицияда. Элчиликтин кызматкерлери ал жакта жүрүшөт”, - деп билдиришти элчиликтен.

Белгилей кетсек, ЖМКда Москвада эч кандай себепсиз эле 30 кыргызстандык кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий