• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Москвада 4 жана 5 жаштагы кыргызстандык эже-сиңди өрттөн набыт болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Москва шаарында 4 жана 5 жаштагы кыргызстандык эже-сиңди өрттүн кесепетинен набыт болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчилик көз жумган кыздардын жакындары менен байланышта болууда. Кырсык 22-майда катталган.

“Кыздардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетеби же кетпейби аны ата-энеси чечет. Бирок сөөктү алып кеткенге уруксат кагазды алышыптыр. Үй-бүлөсүнүн уруксаты жок башка маалымат бере албайбыз”, - деп маалымдашты элчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий