• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен кыргыз кызынын операциясына 160 миң рубль топтолду

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Москвада 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык Жаркынай Юсупованын операциясы үчүн 160 миң рубль топтолду. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, каражат Мамлекеттик миграция кызматынын РФгы өкүлчүлүгүнүн, диаспора жана РФда иштеп жүргөн КР жарандарынын жардамы менен чогултулган.

Учурда Юсупова Москвадагы №15 шаардык клиникалык ооруканада жатат жана операцияга даярданууда.

Активисттердин жардамы менен Жаркынай Юсупованын операциясына жана дарылануусуна каражат чогултулган. Ал Майлуу-Суудан болот, бир кызы бар. Юсупова Москвада 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий