• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталды

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталды. Бул тууралуу Замандаш партиясы билдирди.

Партиянын фейсбуктагы расмий баракчасында Чыңгыз Анарбек уулунун аудиобилдирүүсү жарыяланган.

Ал билдирүүдө Анарбек уулу аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими бүгүн чыкканын айтат.

"Тверь соту 1 жыл 6 ай берген. Смоленск облусунун соту мени актады. Прокурор каршы болуп жатты. Бирок баары жакшы болуп бүттү. Эми 19-февралда чыгарышат. Бул жакта бошоткондон кийин 10 күн кармашат экен", - дейт ал.

Эскерте кетсек, ал 2018-жылдын 16-июнунда жолдун жээгинде бара жаткан жөө адамдарды сүзүп алган. Ал муну кокустуктан кылганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий