• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксистке соттун өкүмү чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Москванын Тверь соту кечээ, 11-октябрда жайында Москвада адамдардын тобун сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулуна карата чечим чыгарды. Ага ылайык, Ч.Анарбек уулу 1 жыл 6 ай кара жумушка тартыла турган болду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Соттолуучунун баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдык күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.

“Анарбек уулу күнөөлүү деп табылып, ага 1 жыл 6 ай кара жумушка иштөө жазасы берилсин. Жабырлануучунун доо арызы канааттандырылып, соттолуучудан 500 миң рубль өндүрүлүп алынсын. Соттолуучу 3 жылга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылсын”, - деп айтылат соттун өкүмүндө.

Соттук процесс күбөлөрдүн сурагысыз, иш боюнча далилдерди өздөштүрүүсүз өттү.

Ч.Анарбек уулу окуя үчүн өкүнүп жатканын айтып, жабырлануучулардан кечирим сурады.

Эске салсак, 16-июнда кечинде Москванын Ильинка көчөсүндө таксист тротуарга чыгып кетип, жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзгөн. Ал качып кетүүгө аракет кылып, бирок жанындагы адамдар аны токтотушуп полиция кызматына өткөрүп беришкен. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жаракат алган. Анын ичинде эки Мексиканын жараны жана Украинанын бир жараны бар. Кийин айдоочу кырсыктын алдында 20 саатка жакын тынбай унаа айдаганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий