• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада 92 жаштагы аял менен кыргызстандыкты үч апта туткунда кармашкан

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Кабар/. Москвада 92 жаштагы пенсия курагындагы аял менен 45 жаштагы кыргызстандыкты үч апта бою туткунда кармашкан. Москва облусттук тергөө комитети билдиргендей, туткунга алгандар пенсия курагындагы аялдын батирине көз артып, аны өздөрүнө каттатып алууну көздөшкөн.

Ленин районунун эки тургуну (47 жаштагы киши, 27 жаштагы баласы) 13-майдан 2-июнга чейин Быков кыштагындагы батирлердин биринде 92 жаштагы Москванын туругунун жана кыргызстандын жаранын кармап, аларга зомбулук көрсөтүп, өлтүрөбүз деп коркуткан.

Маалымдалгандай, ниети бузук адамдар Москванын тургунунун Кашарск жолунун боюнда орун алган батирине ишеним кат жаздырууга аракет кылышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий