• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.01.18. /Кабар/. Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып улуттук кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү.

Бул мелдештин 13-январь күнү Ярыгин атындагы Спорт ордосунда болгон салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери катышкан.

Жарышка М. Мамбеткулов жана К. Пазылов жетектеген улуттук күрөштүн Россиядагы "Күрөш-Россия" федерациясы жана "Талас Биримдиги" коомдук уюму уюштуруучу болгон.

Бул спорттук иш-чарага мекендештерибиздин Москва шаарындагы жана Москва облусундагы диаспоралык коомдук бирикмелери демөөрчүлүк кылышкан.
Мелдешке Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан жүздөн ашык балбан катышкан.

Пикир

Оставить комментарий