• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада “Бүтүн Кыргызстандын” тарапташтары укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Себеби

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Москва шаарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Россиянын укук коргоо органдары Москва шаарында уруксат берилбеген акцияларды уюштуруп, коомдук тартипти бузган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтарын кармаган.

Россиянын ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтары партиянын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырып, коомдук тартипти бузушкан. Ошондой эле алар жолдун жээгинде транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоолдук жаратканына байланыштуу Москванын тургундары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россиянын укук коргоо органдарына бир нече кайрылууларды жөнөтүшкөн.

Аталган факты боюнча акциянын уюштуруучусу Э.Бекиевге карата Москва шаарынын Свиблово району боюнча бөлүмү тарабынан Россиянын Административдик укук бузуулар жөнундө кодексинин 20-2-беренесинин 3-бөлүгүнө (“Жыйналышты, митингди, демонстрацияны, жүрүштөрдү же пикеттерди уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу”) ылайык административдик материал түзүлгөн.

Калган катышуучуларга карата Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 20.2-беренесинин 4.6.1-пунктуна ылайык административдик материалдар түзүлдү. Ошондой эле кармалгандардын ичинен Россиянн миграциялык мыйзамдарын бузган үч адам аныкталып, аларга карата Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 18.8-беренесинин 3-бөлүгүнө (“Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Россияга кирүү эрежелерин же Россияда жүрүү (жашоо) режимин бузуусу”) ылайык административдик материалдар түзүлдү.

Москва шаарынын райондук сотунун 18-ноябрдагы чечими менен Кыргызстандын жети жараны 10 күнгө камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан сырткары, ушул эле сот тарабынан акциянын дагы жети катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө административдик айып салынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз акциянын уюштуруучусу Э.Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 күнгө камакка алынды.

Кармалгандардын тезмеси:

1. Бекиев Эмил Маликович, 1984-жылдын 27-апрелинде туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;

2. Ажиев Сыргабай Эргешович, 1958-жылдын 15-июнунда туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;

3. Примбердиев Замирбек Исламбекович, 1984-жылдын 2-январында туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;

4. Мамытова Сайкал Дурусбековна, 1983-жылдын 17-декабрында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

5. Бердишев Уланбек, 1989-жылдын 19-мартында туулган Кыргыз Республикасынын жараны;

6. Умаров Жеңишбек Мамытович, 1976-жылдын 7-майында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

7. Абдимиталил уулу Исхак, 1993-жылдын 22-июнунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

8. Жусупова Сапия Абдымомуновна, 1988-жылдын 10-декбарында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

9. Сулайманов Акжол Таалайбекович, 1986-жылдын 15-сентябрында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

10. Калмаматов Айбек Асанбаевич, 1983-жылдын 7-ноябрында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

11. Бодоев Кутманбек, 27.01.1978-жылдын 27-январында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

12. Мурзакулова Өктөм, 1979-жылдын 18-сентябрында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

13. Алибеков Эдилбек Сулайманович, 1992-жылдын 20-майында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;

14. Үсөнов Алтынбек, 1975-жылдын 28-январында туулган, Россия Федерациясынын жараны.

Пикир

Оставить комментарий