• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада басмаканадагы өрттөн каза болгон кыргызстандыктар эскерилди

Коом 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон 14 кыргыз кыз-келинди эскерүү иш чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кырсык болгон жерге Москвадагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү, жарандык активисттер, каза болгондордун жакын туугандары келип, гүл чамбар коюп, каза болгондордун арбагына багыштап куран окушту.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 27-августунда эртең менен “Печатный экспресс” басмаканасында өрт чыгып, 17 киши каза болгон, алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экендиги такталган. Набыт болгондордун бардыгы жаш аялдар, көпчүлүгү 18-25 жаштагылар болгон.

Пикир

Оставить комментарий