• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада бир күн ичинде 5 миң 714 адамда коронавирус табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Москвада бир күн ичинде 5 миң 714 адамда коронавирус табылды. Бул тууралуу Москва шаарынын ыкчам штабы билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурганы аныкталган адамдардын дээрлик 90%ынын жаш курагы 65тен кичүү.

"Коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 46,4%ы – 18-45 жаштагы, 34%ы – 46-65 жаштагы, 7%ы – 66-79 жаштагы жарандар жана 3,3%ы – 80 жаштан улуулар. Ооругандардын 9,3%ы балдар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Москвада коронавирус жуктурган учурлардын саны 80 миң 115ти түзөт.

Пикир

Оставить комментарий