• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада болгон кырсыктан каза болгондордун арасында КР жарандары жок - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 26.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Москвада жер астындагы өтмөккө кирип кеткен автобустагы каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок,-деп билдирет КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 25-декабрда Москвада Кутузов проспектисиндеги “Славянский бульвар” метросундагы жер астындагы өтмөккө жүргүнчүлөрдү ташыган автобус кирип кеткен. Натыйжада 5 адам каза болуп, дээрлик 15 адам жабыркаган.

Элчиликтен кабарлашкандай, азырынча каза болгондордун бирөөсүнүн гана өздүгү такталган. Ал 38 жаштагы Елена Михайлова.

Элчилик учурда тиешелүү кызматтар менен байланышта болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий