• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада бороондон жабыркагандардын арасында эки кыргызстандык бар

Кырсык 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Москвада жана Москва шаарында 29-майда болгон бороондон Кыргызстандын эки жараны ар кандай жаракаттарды алышкан.

РФ КРдагы элчилигинин маалыматы боюнча жапа чеккендердин арасында кыргыз жарандары 33 жаштагы Ж.А. жана 35 жаштагы А.Н. бар. Алар Н. Склифосовский атындагы шаардык ооруканага жеткирилген.

Ж.А. дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө жиберилген, ал эми экинчи кыргызстандыктын абалы орто оор катары бааланууда.

Буга чейин элчилик Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында КР жарандары жок экендигин билдирген.

РИА Новостинин маалыматында, Москвадагы бороондон 11 адам, Подмосковьеде 5 адам каза болгон.

Бороондун кесепетинен 150гө жакын адам ооруканага жеткирилип, 100 ашыгы учурда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий